Жогорку сот Текебаев жана Чотоновго өкүм чыгарды

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:18

Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, өкүм чыгарды. Жыйынтыгында соттук коллегия Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган чечим кабыл алды.

Буга чейин 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. Ошондой эле алар абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Кийин 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 25-февралында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго карата “паракорлук” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анткени, 2010-жылы Текебаев россиялык ишкер Маевский аттуу жарандан 1 миллион даллар пара алган деген кине коюлган. Бул суммадагы каражат мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун таанышы аркылуу алынганы жүйө келтирилген.

Эки саясатчы өздөрүнө коюлган күнөөлөр жасалма жана саясий буюртма экенин айтып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!