Миң түк чөп күйүп кетти

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:45

Ысык-Көл облусунда балдардын шоктугунан кышкы тоют күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрда саат 16:04 чамасында Түп районундагы Сары-Булак айылынын Токтогул көчөсүнүн 17-дарегинде балдардын шоктугунан өрт чыккан. Өрт кырсыгынын кесептинен короодо жыйылып турган 1000 түк чөп, 400 түк саман күйүп кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!