​Казакстандан келе жаткан товар кармалды

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:26

Казакстандан Кыргызстанга аткезчилик товар алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа менен Казакстандан “Чалдыбар-унаа-жолу” өткөрмө жайына келген.

“Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 15 тоннаны түзгөн жаш балдардын тамак-аш азыктары чыккан. Бирок, айдоочуда тиешелүү документтер болгон эмес. Мындан улам тиешелүү материалдар топтогондон кийин кармалган жаран менен андан алынган жүк Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!