Артын карабай качкан айдоочу кармалды

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:11

Алайда жөө жүгүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсык 19-ноябрь күнү саат 20:00 чамасында Ош - Эркеч-Там унаа жолунун 120-чакырымында, аталган өрөөндүн Сопу-Коргон айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу жол четинде жөө бара жаткан 33 жаштагы Н.А. аттуу тургунду унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден өзү изин жашырып кеткен. Жабырлануучу алган жаратынан улам ошол жерде көз жумган.

Бул факты боюнча кылмыш иш козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суудагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 31 жаштагы тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!