​ӨКМ мобилдик тиркеме чыгарды

24-Ноя. 2017, Жума, 10:29

ӨКМ тарабынан «МЧС КР» аталышындагы уюлдук телефондор үчүн акысыз мобилдик тиркеме даярдалып, ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мобилдик тиркемени иштеп чыгууга 64 миң 411 сом акча каражаты сарпталган.

Мобилдик тиркеме жер титирөө жана кар көчкү боюнча кенең маалымат жана сактануу ыкмалары, жүрүм-турум эрежелери менен камтылган.

"Азыркы учурда аталган тиркемени Play Маркет аркылуу баардык андроид уюлдук телефондоруна жүктөп алуу жеткиликтүү жана колдонуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эми жарандар жер титирөө, кар көчкү боюнча терең түшүнүк алып, андан сактануу эрежелерин да телефон аркылуу эле үйрөнө алышат",- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!