Тоонун чокусунда арчалар күйүп жатат

24-Ноя. 2017, Жума, 11:01

Аламүдүн районунун аймагындагы тоодо өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-ноябрь күнү саат 15:15 чамасында аталган райондун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн Теплые Ключи эс алуу жайынын түштүк чыгыш тарабында тоонун чокусунда болжол менен 15 гектар аянтта куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган.

"Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы жана токой чарбасынын кызматкерлери тартылган. Тоодо күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 20:10до убактылуу токтотулган",- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ӨКМнын куткаруучулары тоо чокусунда чыккан өрттү өчүрүү иштерин улантышууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!