​3-класстын окуучусун унаа коюп кетти

24-Ноя. 2017, Жума, 12:27

Таш-Көмүр шаарында окуучуну унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалымтака ылайык, жол кырсык 23-ноябрь күнү саат 13:00дөр чамасында аталган шаардын Карл Маркс атындагы №1 орто мектебинин жанында болгон. Анда “Тойота Камри” унаасынын айдоочусу 3-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен улам жаракат алган өспүрүм бала шаардык ооруканага жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!