Аялын өлтүрүп сарайга көмүп койгон

24-Ноя. 2017, Жума, 13:10

Манас районунда малчы жарандык аялын өлтүргөн соң эки аял алууга жетишкен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-ноябрь күнү Манас РИИБде адамдын сөөгүнүн калдыктары табылган факты катталган. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери белгисиз аялдын өздүгүн тактоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлүп, бул белгисиз аял киши колдуу болуп өлгөн деген тыянак чыккан.

Милиция кызматкерлери тарабынан адамдын өлүгү табылган аймактын ээси, жакын жайгашкан тургундар суралып, кылмышка шектүү катары мурда ушул аймактагы сарайларда малчы болуп алектенген Кара-Кулжа районунун 34 жаштагы У.Б. аттуу жошоочусунун изине түшүп, оор кылмыш ишине тиешеси бардыгын аныкташкан.

Тергөө учурунда маркумдун өздүгү такталып, ал Ала-Бука районунун 46 жаштагы А.Элмира аттуу тургуну болуп чыккан. Бул кылмыш иши болжол менен 2016-жылдын январь айында жасалган. Маалымат боюнча маркум аял шектүүнүн жарандык жубайы болгон.

Шектүүнүн сөзү боюнча ал мас абалында жарандык жубайын катуу сабаган жана жабыркаган аял алган жаракатынан улам жарым саат өтпөй каза болгон. Кылмышкер кылмыш изин жашыруу максатында ошол эле сарайдын жанындагы жерди казып, сөөктү көмүп салган. Сарайдын ээси аялың кайда деп суроосун узаткан учурда, ал Бишкек шаарына кеткендигин жана ар кандай башка жоопторду алгандыгын билдирген.

«Ушул учурга чейин маркум аялды туугандары издеп жатышкан. Ал эми өлгөн аялдын туугандары жана тааныштары анын кайда экендигин билүү үчүн дагы эле издеп жүрүшкөн. Аларга шектүү адам Элмира башкага турмушка чыгып, Нарынга кетти деп жооп берип койгон. Ошондой эле кылмышкер кылмыш жасаганына бир аз убакыт өткөндөн кийин, ал Бишкек шаарына кетип калган. Жарым ай өтпөстөн, ал 1987-жылкы жаш жубайы менен жашай баштаган. Кийин үчүнчү жарандык аялын алып, аны менен бир нече ай жогоруда аталган аймакта кайрадан мал баккан»,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, кармалган жаран эки айга камака алынып, Манас РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!