Опузалаган кызды өлтүрүп короосуна көмгөн

24-Ноя. 2017, Жума, 15:07

Жалал-Абад шаарынын тургуну өзүнүн тааныш кызын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгондугу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын октябрь айында болгон. Анда Жалал-Абад шаарынын Загорная көчөсүнүн 18 жаштагы тургуну 22 жаштагы Пери аттуу тааныш кызын өлтүрүп, сөөктү өзү жашаган үйдө короосуна 60-70 см тереңдикте жерди казып көмүп койгон.

Бул кылмыштын бети Жалал-Абад облусу боюнча транспорттук ИИБдин кызматкерлери тарабынан кечээ, 23-ноябрда жүргүзүлгөн «Нелегал» атайын иликтөө иштеринин жүрүшүндө ачылган.

Кылмышкердин көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күнү маркум анын үйүнө келип, андан опузалоо жолу менен 8 миң сом акча талап кылып, болбосо анын үстүнөн зордуктады деп милицияга арыз менен кайрыларын айткан.

Кылмышка шектүү үйдөгүлөрдөн коркуп, аялын ойлоп, ажырашып кетет деп, жаңы төрөлгөн баласы да өзүнө окшоп жетим калаарын ойлоп, ал корккондуктан саунадан таанышкан тааныш кызын муунтуп өлтүрүп алганын айтып берген. Окуя болгон учурда анын аялы жаңы төрөлгөн баласы менен өзүнүн бир туугандарыныкына кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!