Чубак ажы экинчи жубайы тууралуу эмне айтты? (видео)

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 17:29

Аалымдар кеңешинин мүчөсү, аалым Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнү тууралуу маалымдады. Бул тууралуу аалым видеодо аркылуу кыргыз элине билдирүү жасаган.

"Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм",- деп жарыялады Чубак ажы.

Учурда бул видео Интернетте кызуу талкууланып жаткан убагы. Укук коргоочулар аалымдын экинчи аял алганына каршы болушса, айрым адамдар Чубак ажыны колдогон билдирүүлөрдү калтырууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!