Cүзүп өлтүрүп качып кеткен

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:28

Жалал-Абад облусунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрга караган түнү болжол менен саат 02:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 582-чакырымында 39 жаштагы жөө жүргүнчү Рустам Мамытовду белгисиз адам сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен алган жаратынан улам жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.

Ыкчам-иликтөө иш-аракетинин жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан, 29-ноябрда саат 2:30да “Хундай Старекс” унаасынын айдоочусу Өзгөн районунун У.Ж., аттуу тургуну кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!