​Ерке Есмахан “Нур Отан” партиясына мүчө болду

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:47

Казакстандык белгилүү ырчылар бир кездери дует менен элдин сүймөнчүлүгөн айланган Төрегали Төреали менен Ерке Есмахан “Нур Отан” партиясына мүчө болушту. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Ерке Есмахандын соцтүйүндөгү баракчасына жазганына караганда, бүгүн анын туулган күнү.

“Бүгүн туулган күнүм менен катар бир кубанычым менен бөлүшкүм келип турат. Мен «Нур Отан» партиясына өтүп, партиялык билетти алдым. Элибиздин эң кадыр-барктуу, саясий партиянын катарында болуу мен үчүн сыймык. Быйылкы жыл мен үчүн ийгиликтин жылы болду. Эмки жыл мындан дагы берекелүү жыл болсун!,"-деп жазды Ерке Есмахан.

Ал эми Төрегали Төреали өнөр адамдарына колдоо көрсөтүп жүргөн партия төрагасынынын биринчи орун басарына ыраазычылыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!