Конок үйлөр дүйнөлүк веб сайтка катталды

1-Дек. 2017, Жума, 15:14

Ноябрь айында АКШын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандык конок үйлөр жана боз үй лагерлердин ээлери үчүн эл аралык брондоо жүргүзүлгөн веб сайттарда каттоо жана өз бизнестерин өнүктүрүү боюнча бир катар практикалык тренингдерди өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Нарын жана Ысык-Көлдө жайгашкан 39 жаңы конок үй жана боз үй лагерлер Booking.com сайтында катталды.

"Чет өлкөлүк туристтерди онлайн брондоо аркылуу тартуу конок үйлөрдүн бөлмөлөрүнүн көбүрөөк ижарага алынышына алып келип, сарпталган каражаттардан көбүрөөк киреше чыгарып алганга мүмкүнчүлүк берет. Мейманканалардагы бөлмөлөрдү брондоо системасында дүйнөдөгү алдыңкы веб сайттарынын бири болгон Booking.com сайтында күнүгө 1.2 милиондон ашык түнөп калуулар катталат. Кыргызстандык ишмерлер конок үйлөрүн жана боз үй лагерлерин бул онлайн платформада жарнамалоону баштап, брондоо системасын оңойураак жүргүзө алышат. Караколдогу айрым бизнес ээлеринин тажрыйбасын мисалга ала турган болсок, жайкы жана кышкы туризм сезон убагында алар резервациялардын 40 пайызын Booking.com сайты аркылуу брондошот",-деп айтылат маалыматта.

“Мен иштеткен конок үйүмдү көптөн бери Booking.com сайтында каттай албай жүрдүм. Тренинг учурунда конок үйүм бат эле катталды. Мен эми эл аралык резервацияларды түздөн-түз жүргүзө алам”,-деди Бөкөнбаев айылындагы Emily аттуу конок үйдүн ээси Гүльмира Тилебалдиева.

Бул тренингти USAID Кыргызстанды эл аралык мейкиндикте жагымдуу туристтик дестинация катары жайылтуу аракетинде уюштурду. Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси Кыргызстандын эл аралык туризм боюнча ири көрсөтмөлөрдө катышуусуна көмөктөшүү менен бирге, саякат тармагындагы көптөгөн блогерлер жана медиа кызматкерлерди өлкөбүзгө чакырып, жергиликтүү туризм тармагында иш алып барган бизнес ээлерине эл аралык стандарттарга жооп берүү максатында тренингтерди өткөрдү. Долбоордун максаты Кыргызстанда экономиканын негизги секторолордун арасында туризм, айыл-чарба, кийим тигүү жана курулуш тармакатарын күчтөндүрдү.

USAID тренингтин бардык катышуучуларына онлайн брондоо системасын колдонууда жана өз бизнестерин онлайн мейкиндикте өнүктүрүүдө көмөктөшкөндү улантат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!