Кыргызстандыктар 4 күн эс алышы мүмкүн

1-Дек. 2017, Жума, 17:01

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы жыл майрамына карата дем алыш күндөрүнүн божомолдуу датасын сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар 31-декабрдан 3-январга чейин эс алышмакчы.

2-3-январдагы эс алуу күнү 2017-жылдын 30-декабрь жана 2018-жылдын 8-январга жылдырылып иш күнү болмокчу.

Мындай жылдыруу 5 күндүк графикте иштеген мамлекеттик мекемелерге тиешелүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!