Эки окуучу кызды сүзүп качкан

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:26

Талас шаарында эки окуучу кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-декабрь күнү саат 17:00дөр чамасында жогоруда аталган шаарда “Ауди” үлгүсүндөгү унаа дүкөндөн чыгып, үйлөрүнө бара жаткан 2 окуучу кызды жолдун жээгинен сүзүп кеткен. Айдоочу жабырланган 9 жана 7 жаштагы кыздарга жардам көрсөтпөстөн, окуя болгон жерден качып кеткен. Эки кыз тең ооруканага жеткирилген. Бирок, 9 жашар кыз алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү айдоочуну издөө иштери жүрүп, анын натыйжасында 2-декабрда Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну кармалган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!