Баласын тепкилеген кишиге кылмыш иши козголду (видео)

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:58

Бишкек шаарында тайгак жолдон тура албай жаткан баласын тепкен адамга карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан видеодогу адам аныкталып, башкармалыкка алынып келинген. Ал 1967-жылы туулган Бишкек шаарынын Улан-2 кичи районунун тургуну А.Б. болуп чыккан.

Бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБ териштирүүсү менен КК “бейбаштык” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

"Бир катар соттук экспертизалар дайындалды. Учурда Кылмыш кодексинин 94-беренесине ылайык, кармалган адам Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2-декабрь күнү интернетте тайгак жолдон баса албай жерге жатып калган 2 жашар наристени белгисиз бир киши тепкен видео тараган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!