"Код сааты" өнөктүгү башталды

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:47

4-10-декабрь күндөрү Кыргызстанда “Код сааты” өнөктүгү өтөт.

Жаштарга, өспүрүмдөргө компьютердик программалоо ыкмаларын акысыз үйрөтүүчү "Код сааты" деп аталган акция бүгүн, 4-декабрда башталды.

Максаты – жаштарды маалыматтык технологиялар менен тааныштырып, алардын информатикалык сабаттуулугун арттырууга багытталган. Аталган өнөктүктү “Сорос Кыргызстан” фонду каржылап, "Биздин мурас" уюму ишке ашырат.

Бул тууралуу “Сорос Кыргызстан” фондунан билдиришти. Иш-чара быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат.

Маалымат иретинде айта турган болсок, "Код сааты" - компьютердик программаларды өздөштүрүү үчүн жаштарды тартууга арналган бүткүл дүйнөлүк өнөктүк. Дүйнөлүк лидерлер Барак Обама, Жастин Трүдо, Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Шакира жана башка атактуулар бул өнөктүккө активдүү катышып, жаштарды үгүттөп келүүдө. Кыргызстанда мурдагы президент Роза Отунбаева бул акцияга жаштарды чакырып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!