Кезекте турган унаалардын саны азайды

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:21

Кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарапка өтүш үчүн кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын саны азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 50гө жакын оор жүк ташуучу унаа турат. Калган чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларында тыгындар жок.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрүү бекеттерин күчөтүлгөн тартипке өткөргөн. Бул маселе боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес.

30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Минскте жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.

2-декабрда эки өлкөнүн ортосундагы “Жол картасы” боюнча келишимге вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жана Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койгон. Ага ылайык 3-декабрда казак тарап кезекте турган унааларды өткөрүүнү тездеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!