​Шашылыш билдирүү: жолдорго кар көчкү түшөт

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:31

Бүгүн, 4-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдорго кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

“Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2-декабры күнү ӨКМи тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!