Топтошкон окуучуларды унаа сүзүп кетти

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 17:48

Сузак районунда топтошуп турган окуучуларды жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 3-декабрь күнү саат 21:30 чамаларында Жалал-Абад-Казарман жолунун 35-чакырымындагы Кара-Чолок айылында болгон. Анда аталган айылдагы Ысмаил атындагы орто мектебинин 9-класстын беш окуучусу чогулуп турганда, Казарман тарапка бара жаткан “Нива” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аларды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден айдоочу изин жашырып качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы М.Б. аттуу окуучу окуя болгон жерден каза болгон. Андан сырткары 15 жаштагы Б. Уулу А. ар кайдан жаракат алып, аймактык ооруканага. Калган 3 окуучу унаадан качууга үлгүрүп, аман калышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну экени аныкталган. Ал кырсык болгон жерден изин жашырып кеткенден кийин унаасын өзү жашаган үйгө токтотуп, өзү качып кеткен. Унаа боюнча тергөөчү акт түзүп, унаа айып аянтчасына токтотулган.

Ал эми учурда кылмышка шектүүнү кармоо иш-чаралары жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!