Кыргызстан эл аралык тоо гиди бирлигине мүчө болду

5-Дек. 2017, Шейшемби, 11:37

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп эл аралык тоо гиди (IFMGA) бирлигине толук кандуу мүчө болду.

Бул тууралуу ЮСАИД уюмунун бизнести өнүктүрүү демилгеси программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Улукбек Аданбаев “ZAMAN.KGге” билдирди.

Кыргызстандын тоо гиди бирлиги ЮСАИДдин бизнести өнүктүрүү боюнча демилгеси долбоорунун каржылык колдоосу менен тогуз жылдан бери бул жыйынтыкка жетүү үчүн иштеп келишкен.

Ассоциациядан билдиришкендей, Кыргызстан бул макамга ээ болуу менен туризмди өнүктүрүүдө дүйнөлүк стандартка шайкеш келген тейлөө, коопсуздук жаатында кызмат көрсөтөт. Бул өз кезегинде өлкөгө туристтердин көп келүүсүн шарттап, туристтик бизнестин өнүгүшүнө шарт тузөт. Кардарларды бир гана тоо гиди тартпастан мейманкана, айдоочу, кафе иштетүүчүлөр, сувенир жасоочулар алардын кызматын пайдалана алышат.

Кыргызстанда акыркы жылдары тоо туризми жакшы нукта өнүгүп, өлкөгө келген альпинист, тоо туристтеринин саны өсүүдө.

IFMGA – бул дүйнө жүзүндөгү 20дан ашуун өлкөдөгү 6000 гиддин башын бириктирген эл аралык федерация.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!