Эки жеңил унаа тайгалактан тайыды

6-Дек. 2017, Шаршемби, 11:50

Бишкек-Ош жолунда эки жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда болжол менен саат 18:40 чамасында аталган жолдун 406-чакырымындагы Кара-Жыгач тилкесинде “Ниссан” унаасы жолдон тайгаланып, “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.

Окуя болгон жерге барган ӨКМнин куткаруучулары барып жардам көрсөтүшкөн. Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!