Президент жеңишке жеткен балдарды куттуктады

Президент жеңишке жеткен балдарды куттуктады
7-Дек. 2017, Бейшемби, 09:40

Президент Сооронбай Жээнбеков “Алга-Бишкек” балдар хоккей командасына Barrington Ice Arena Кубогун жеңиши менен куттуктоо жолдоду.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Мамлекет башчынын куттуктоосунда ат жалында, шамал менен тең жарышып өскөн көчмөн элинин келечек жигиттери керемет оюнду көрсөтүшкөнү, мындай эр азамат жигиттер жалпы элибиздин сыймыгы экени айтылган.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу кичинекей достор, ардактуу ата-энелер жана машыктыруучулар!

Сиздерди Америка Кошмо Штатынын Чикаго шаарында жеткинчектер арасында өткөн Barrington Ice Arena хоккей таймашынын кубогунун чемпиону болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм!

Албетте, бул жеңиште ата-энелер менен уюштуруучу, машыктыруулардын эмгеги зор! Ушул саамалык жалпыбызды дагы бир ирет балдарыбыз үчүн сыймыктанууну жаратып, мекенди коргоо, намысыбызды бийик тутуу сезимдерин күчөттү деп ойлойм. Мындан ары дагы бийик максаттарды багындырууңарга тилектешмин!

Жеңүүчүлөрдү байгелери менен чын дилимден куттуктап, кубанычтуу күнү ардактуу досторубузду Жаңы жылдык Президенттик балатыга чакырам!

Жергебизде спортту сүйгөн жаңы муундун келечеги кең болуп, тынчтыкта жана бакубаттыкта өсө беришсин!”,-деп айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки балдардан куралган командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн "Barrington Ice Arena 2017" кубогунда жеңүүчү болуп, алтын медаль алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!