Залкардын 100 жылдыгы белгиленди

Залкардын 100 жылдыгы белгиленди
7-Дек. 2017, Бейшемби, 10:39

6-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда акын Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган иш-чара болду. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Көп кырдуу таланттын юбилейлик кечесине акындын жакындары, маданият ишмерлери жана президенттин жана премьер-министринин атынан атайын өкүлдөр катышты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Мидин Алыбаев тууралуу бир катар иш-чаралар болгонунун белгиледи.

Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. 1931-жылы айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин , Фрунзенин педтехникумунда, андан соң комсомолдук кызматкерлер окуусун бүткөн.

Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да, акын көпчүлүк күч-жөндөмдөрүн поэзияга берген. Ал эми жалаң сатирага арналган ырлары кийинчерээк “Акчүч”, “Мидин” жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!