​Түнкү үчтө эсире коем деп колго түштү

7-Дек. 2017, Бейшемби, 13:15

Бишкекте ээнбаштык кылууга шектелген 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат үчтөр чамасында Каныбек аттуу жаран ээнбаштык менен коомдук тартипти бузуп, Таймырская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин терезесин талкалап, Ю.Г. аттуу жабырлануучуну сабап, денесине оор жаракат келтирген. Андан соң, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жабырлануучу улуттук госпиталга жеткирилип, алган оор жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 5-декабрь күнү 32 жаштагы жаран кармалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!