​Куру үзүлүп кетип куурады

7-Дек. 2017, Бейшемби, 14:16

Кадамжайдагы көмүр казуу шахтасында бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында аталган райондун Үч-Коргон айыл аймагындагы № 5 көмүр казуу шахтасында 24 жаштагы жигит белине кур (трос) байлап шахтага түшүп бара жаткан учурда кур үзүлүп кетип 15 метр терендикке түшүп кетип каза болгон.

“Аны агасы алып чыгып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген. Азыркы учурда муркум Кызыл-Кыя шаардык өлүк сактоочу жайында”,- деп айтылат билдирүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!