​Жол кырсыгынан эки адам мерт кетти

7-Дек. 2017, Бейшемби, 17:46

Кадамжай районунда жол кырсыгынан эки адам көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 7-декабрда саат 13:50дө Кадамжай-Бүргөндү жолундагы Халмион айылында болгон. Анда “Ниссан Примера” менен “Дэу Тико” үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесептинен улам алган жаракатын эки адам ошол жерден каза болгон. Алардан тышкары үч адам ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн аты-жөндөрү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!