Ерке Есмаханды сотко беришти

8-Дек. 2017, Жума, 10:48

Казакстандын Алматадагы мамлекеттик транспорт департаменти шоу-бизнес өкүлдөрүнүн транспорт салыгын төлөбөгөндүгүнө байланыштуу сотко беришти. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, казакстандык шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында транспорт салыгын төлөбөгөн ырчылардын аты жарыяланды. Анын арасында бегилүү ырчы Ерке Есмахан дагы салыгын өз убагында төлөгөн эмес.

“Жылдыздар 400 миң теңгеден ашуун салык төлөшкөн эмес. Алар, Ерна Айдар - 205,1 миң теңге, Рано Умарова – 88,8 миң теңге, Жеңиш Ыскакова – 72,2 миң теңге, Ерке Есмахан 41,1 миң теңге төлөшү зарыл. Бул жарандарга тийиштүү материалдар чогултулуп, сот органдарына берилди. Алар карыздарды өндүрүп алуу үчүн өкүм чыгарышмакчы”,-деп айтылат маалыматта.

Департаменттин маалыматы боюнча транспорт салыгы боюнча Алмата шаарынын 90 миң тургунунун 4,2 млрд. теңге карызы бар.

Эскерте кетсек, Ерке Есмахан "Кайда" аттуу ыры хит ырлардын катарын толуктап, Ютуб каналында 43 миллиондон ашуун колдонуучу көргөн. Бул көрсөткүч Казакстанда рекорд койгон.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!