Муфтий радио кызматкерлерин куттуктады

8-Дек. 2017, Жума, 10:51

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 8-декабрь телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Муфтийдин куттуктоосунда мындай деп айтылат.

"Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздердин бүгүнкү, 8-декабрь Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинен телерадионун ишмердүүлүгү өз кесибин сүйүү жана ишинин татаалдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ар бир инсан таңкы теле жана радиоберүүлөр менен өз ишин баштап, коомдогу ар кыл окуяларды эч бир чарчабастан коомчулукка чагылдырып келесиздер.

Ишиңиздерге албан-албан ийгилик жана бакубат жашоо, үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана бактылуулук каалайм. Ар дайым өз кесибиңиздер коомчулукка туура маалыматты жеткирип, ар убакта эл кызматында болуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин. Жалпыңыздарга чың ден-соолук, бак-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм".

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!