Милиционер байкатпай барып аялды куткарды

8-Дек. 2017, Жума, 11:00

Бишкек шаарында өз жанын кыюу үчүн көпүрөдөн секирмекчи болгон аял куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү Ала-Арча суусунун Жибек Жолу аркылуу өткөн жериндеги көпүрөдөн болжолдуу түрдө 30 жаштагы аялдын секирүүгө камынып жатканын милиция кызматкери көрүп калган. Кызмакер ага байкатпастан жанына барып, аны кармап калууга жетишкен.

“Куткарылган аял Аламүдүн районунун тургуну экендиги аныкталган. Ошондой эле ал психоневрологиялык диспансердин каттоосунда турары такталган. Учурда ал туугандарына жиберилди”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!