Исаков Фейсбук колдонуучуларын колдойт

Исаков Фейсбук колдонуучуларын колдойт
8-Дек. 2017, Жума, 11:51

Премьер-министр Сапар Исаков фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучулары менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, өкмөт башчы жарандык позициясын билдирип турган активдүү жарандарга ыраазычылык билдирип, анын натыйжасында өлкөдөгү бир катар көйгөйлөр чечилип, чечимдер кабыл алынып жатканын белгиледи.

«Мындан ары да коомдогу кемчиликтерди көрсөтүүнү уланта берүүңүздөрдү каалайм. Өкмөттө болуп жаткан көйгөйлөр боюнча ыкчам жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн социалдык тармактарды мониторингдеген кызмат иштейт”,-деди Исаков.

Кыргызстанда Фейсбук социалдык тармагы жарандык позицияны ачык билдирген, сын-пикир айткан негизги аянтча болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!