Үйү менен кошо 10 миң сому күйүп кетти

8-Дек. 2017, Жума, 12:20

Өрт коопсуздугунуну эрежелерин сактабагандыктан Кадамжайда бир турак үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Үч-Коргон айылындагы жыгач устундуу шифер жабылган 150 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 150 чарчы метр МДФ шыбы, үй эмеректери, документтери, 10 миң сом акчасы күйгөн. Өрттүн келип чыгууна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!