Муфтий памир кыргыздарына Куран белек кылды

Муфтий памир кыргыздарына Куран белек кылды
9-Дек. 2017, Ишемби, 11:22

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Памирлик кыргыз боордоштор менен жолугушуп, алардын ал жайынан кабар алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Азирети Муфтий боордош бир туугандарды көргөндүгүнө кубанычта экендигин билдирип, кандай гана жардам болбосун көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Ал эми Памирден келген Абдырасул ажы Имарали кыргыз элине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, 18 жылдан бери кыргыз журтчулугунан жардамдын ар кыл түрлөрү келип жаткандыгын кубануу менен айтып, канчалаган жылдар өтсө дагы динин, тилин, каада-салт, үрп-адаттарды таштабай улантылып келе жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун акырында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Памирден келген Абдырасул ажы Имаралиге, Абдинаси Мамадаминге, Абдуллах Абубакирге, Ооганбек Мухаммадзаидге жана Туратбек Тилебалдыга өзүнүн ыраазчылыгын билдирип, улуу Куран китебин белек кылды.

Азирети Муфтий менен болгон жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана боорбош бир туугандарды коштоп жүргөн Бишкек шаардык казыятынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Жуманов жана Улан каары Курманбаев катышты.

Андан соң боордош бир туугандарды Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев кабыл алып, кыргыз элинин саламын Памирдеги кыргыз бир туугандарга жолдоп, эки тараптуу байланышууну жакшыртуу учурдун талабы экендигин айтып өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!