​Бишкек жаңы жылды кандай тосуп алат?

​Бишкек жаңы жылды кандай тосуп алат?
9-Дек. 2017, Ишемби, 15:09

Бишкек шаарынын мэриясы Жаӊы 2018-жылдын алдында шаар тургундарына жана конокторуна жаӊы жылдык майрамдык иш-чараларды уюштурмакчы. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаада жаңы жылдык иш-чаралар 14-декабрдан башталып, 31-декабрга чейин уланат.

Алсак, 31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык театралдаштырылган концерт, элдик эс алуулар өткөрүлүп, иш-чара 2 бөлүктө эртең мененки (12:00дон 15:00го чейин) жана кечки (20:00дон 24:00гө чейин) бөлүктө өтөт. Кечки бөлүгүндөгү концерттик программа уюштурулуп, шаар тургундары үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Ошондой саат 00:00дө Ала-Тоо аянтында жана Дайыр Асанов атындагы сейил багында жаңы жылдык фейрверк болот.

14-декабрда «Коломто» муниципалдык мекемеси кайрымдуулук иш-чарасын уюштурат.

27-декабрда саат таңкы саат 10:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан 1100 жетим, жарым жетим балдарга, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун балдарына, ЧАЭС, Афган согушуна катышкан үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ар түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрүнө жана жакшы окуган окуучуларга жаңы жылдык балаты өткөрүлөт.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 21-декабрда саат 11:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жарым жетим, толук жетим балдарга, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык балаты уюштурат.

Мындан тышкары калаанын төрт: Октябрь, Биринчи май, Ленин, Свердлов районунда тең жаңы жылдык иш-чаралар уюштурулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!