​Күйүп калган сөөгү табылды (фото)

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:57

Аксы районунда турак үй толугу менен күйүп, өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда саат 06:02 чамасында аталган райондун Кызыл-Жар айылында жыгач устундуу шифер жабылган аянты 128 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

“Өрттүн кесепетинен 47 жаштагы үй ээси күйүп калган сөөгү табылган. Учурда өрттүн себеби такталууда”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!