Ошто биринчи жолу музей дүкөнү ачылат

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:56

Эртең, 12-декабрда Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук-тарыхый археологиялык музей комплексинде алгачкы музей дүкөнү ачылат.

Бул тууралуу USAID уюмунун бизнести өнүктүрүү демилгеси программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Улукбек Аданбаев “ZAMAN.KGге”билдирди.

Анын айтымында, дүкөн Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси тарабынан ишке ашууда.

Музей дүкөнүндө азем белектер, музейди чагылдырган жергиликтүү чеберлердин жасаган көркөм буюмдары, музейдин экспонаттары, искусство, Кыргызстандын тарых жана маданиятынан кабар берген түрдүү буюмдар сатылмакчы.

«Заманбап доордо музейлер интерактивдешип, өз веб-сайттары жана социалдык тармактардагы баракчалары менен зыяратчыларды өзүнө тарта алышат. Биздин өлкөдө жалпысынан алганда 55 мамлекеттик музей бар. Алардын көпчүлүгү тууралуу коомчулукка маалым эмес. Алардын ичинде 5 музейдин гана веб-сайты бар жана болгону бир эле музей зыяратчыларына жеке өзүнүн азем белектерин тартуулай алат»,-деди «Музей дүкөнү» долбоорунун демилгечиси Бактыгүл Мидинова.

Долбоордун өкүлдөрү териден, жыгачтан, кийизден жана металлдан буюмдарды жасоо боюнча жергиликтүү чеберлер менен кызматташууга өткөн. Музей дүкөндүн ачылыш аземине карата дүкөндүн кызматкерлери Сулайман-Тоо улуттук тарыхый- археологиялык музей-комплексинин коллекциясынын негизинде азем белектердин жаңы буюмдарды даярдашты.

Музей дүкөнү зыяратчыларга азем белектерди эстеликке сатып алуу жана Кыргызстандын тарыхы, маданияты тууралуу жетиштүү маалымат берүү менен чектелип калбастан, жергиликтүү чеберлерге өздөрүнүн буюмдарын сатыкка чыгарып, киреше тапканга да мүмкүнчүлүк берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!