Кыргызстанда сасык тумоо боюнча абал туруктуу

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:14

Бишкекте сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук вирусттук инфекциялык (КРВИ) оорулар 10 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдө эпидемиологиялык абал 2016-жылды декабрь айында күчөп, 14 жашка чейин балдар арасында аталган оору менен ооругандар 70 пайызды түзгөн. Быйыл өлкөдө абал туруктуу.

2017-жылдын октябрь айына карата оорунун көрсөткүчү Бишкек шаарында 10 пайызды түздү.

«КРВИ боюнча Бишкек шаарында 21-октябрдан 3-декабрга карата 10,3 пайыз адам (2542 учур) катталды. Ошто 326 учур катталган. Бул жылы өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!