Интернет колдонуучуларын үчтөн бири балдар

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:06

Дүйнө жүзү боюнча үч интернет колдонуучунун бири бала. Масштабдуу онлайн болгонуна карабастан балдарды санарип дүйнөнүн коркунучтарынан коргоо жана коопсуз онлайн контентке жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аракеттер чабал. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин бүгүн 11-декбарда жарыяланган толук форматтуу отчетунда айтылат.

"Дүйнөдөгү балдардын абалы, 2017: Санарип дүйнөдөгү балдар" аттуу отчетто ЮНИСЕФ алгачкы жолу санарип технологиялардын балдардын жашоосуна таасирин тийгизген түрдүү жолдорго ар тараптуу анализ жасап, мындай технологиялардын коркунучтарын да, мүмкүнчүлүктөрүн да аныктады.

“Жакшыбы, жаманбы, бул санарип технологиялар ушул тапта биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысынын орун басары Мунир Маммадзаде. “Кыргызстанда же башка өлкөлөрдө ар бир бала үчүн интернеттин зыянын азайтып, ошол эле маалда пайдасын көбөйтүү өңдүү тапшырма турат”.

Ошондой эле отчетто интернет балдардын тобокелдиктер менен зыянга туруштук бере албай турганы, зыяндуу маалыматтарга жана кибербуллингге ачык болору изилденди. Отчетто белгиленгендей, мобилдик түзүлүштөрдүн бардык жерде болгону көптөгөн балдар үчүн онлайн жеткиликтүүлүктү көзөмөлсүз калтырды, бул болсо аны мурдагыдан да кооптуу кылды.

Мындан тышкары балдардын онлайн мейкиндигин колдонуусуна байланышкан маалыматтар жана анализ, санарип технологиялардын балдардын бакубаттыгына тийгизген таасири берилип, санарипке “көз карандуулук” жана экран алдында өткөргөн убакыттын мээнин өнүгүүсүнө ыктымал таасири тууралуу күчөгөн талаш-тартыштар каралды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!