Төрт балалуу жалгыз бой энеге үй тапшырылды

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:38

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиевдин жана казыят кызматкерлеринин демилгеси менен жыл башында баш имам хатибтери менен биргеликте ар бир райондо муктаж болгон үй-бүлөлөр үчүн бирден турак жай куруу акциясы башталып, учурда төрт район, бир шаарда муктаж үй-бүлөлөргө үйлөр салынууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара алгачкылардан болуп Манас районундагы Май айылында башталып, төрт жетим баланын энеси Тоялиева Кларага үч бөлмөлүү үй бүткөрүлүп, отуз чарчы метр жер тилкеси менен колдонууга берилди. Аталган акцияны Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жана Май айылынын имам хатиби Тургуналы ажы Молдоналиев колго алып, Жайылган айылынын тургуну Жанузакова Уулкандын демилгеси менен курулуш иши башталган.

«Тоялиев Улан өзүнүн отуз чарчы метр жер тилкесин берип, Май жана Жайылган айылынын тургундарынын жардамы менен бүткөрүлүп берилди»,-деди Миржалал ажы Дадабаев.

Ак өргөнүн ачылыш салтанатына Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, Манас районунун акими Бектен Дүйшөбаев, райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, жалпы район имам хатибтери, Май жана Жайылган айылынын тургундары катышып, Тоялиева Клараны жаңы конушу менен куттукташып, ак жолтой үй болушун жана ушул үйдөн балдарынын жакшылыктарын жалпы жумурай журт менен бергеликте өткөрүүсүн каалап, жакшы тилектерин айтып, баталарын беришти.

Ал эми кубанычы койнуна батпай турган Тоялиева Клара жардам берген бардык кайрымдуу инсандарга жана Талас облусунун мусулмандар казыятынын жалпы жамаатына, Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жана Май айылынын имам хатиби Тургуналы ажы Молдоналиевге, Май жана Жайылган айылынын тургундарына терең ыраазычылыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!