Сирияга аскер чогулткусу келген

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:56

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымка караганда, 6-декабрда Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген 28 жаштагы кыргыз жараны кармалган.

Ал 2016-жылдын ноябрь айынан тарта 2017-жылдын сентябрь айына чейин эл аралык террордук уюмдун катарында согуштук даярдыктан өткөндүгү такталган. Ошондой эле ал кыргыз жергесине келип, Сирияга аскер жөнөтүүнү көздөгөнү белгилүү болгон.

Учурда кармалган жарандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!