Көлмөгө унаа түшүп кетип, 4 адам каза болду

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 17:48

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көлмөгө унаа түшүп кетип, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда болжол менен саат 13:35 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында, "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө “Тайота Авенсис” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, унааны суунун ичинен чыгарышкан. Анын ичинен төрт адамдын сөөгү табылган.

Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!