Жээнбеков: “Айтматов чыгармалары аркылуу дүйнөнү өзгөрттү”

12-Дек. 2017, Шейшемби, 12:06

Бүгүн, 12-декабрь - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталарын билдирген.

“Чыңгыз Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны.
Ал ааламдык ойчул экендигин дүйнөгө таанытты. Айтматовдук рух дөөлөтүн жаратты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары “ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чакырат.”
“Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт”. Бул сөз Айтматовдун жазуучулук башкы миссиясы. Айтматов өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөрттү, биздин көз карашыбызды, дүйнө таанымыбыздын чабытын кеңейтти.
Айтматовдун көркөм адабияты көкүрөккө асылдыктын үрөнүн сээп, тазалыкка, аруулукка үндөп келет. Жазуучунун улуу көркөм мурасын терең өздөштүрүү, кеңири жайылтуу жана анын гуманисттик идеяларын окуп үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ. Айтматов - доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү.
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктайм! Бул майрам - улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!”,-
деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

2011-жылы 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары Жогорку Кеңештин токтому менен жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!