Ошто тумандан улам учактар кармалууда

12-Дек. 2017, Шейшемби, 13:02

Ош шаарындагы эрте менен каптаган туманга байланыштуу “Ош” аэропортунда уча турган каттамдар кармалып турат.

Ош-Бишкек, Ош-Москва жана Ош-Үрүмчү каттамдары кечигүүдө. Ушул эле кырдаалга байланыштуу Бишкектен Ошко уча турган каттам да ишке ашырылган эмес.

Жарандар маалымат алып туруу үчүн “Ош” аэропортунун (03222) 9 01 01 номери аркылуу сурап-билсе болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!