Жакында Kyrgyzstan​ шоколады сатыкка чыгат

12-Дек. 2017, Шейшемби, 13:17

Жакында Кыргызстанда жасалып, өндүрүлгөн “Кыргызстан (Kyrgyzstan)” деген улуттук шоколад чыгарылып, өлкөнүн бардык соода түйүндөрүндө сатыкка чыга баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз шоколады” компаниясы Facebook баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, эми кыргызстандык жарандарга жана чет жактан келген конокторго Кыргызстанда жасалган жана көркөмдүү улуттук стилде кооздолгон кагаздагы улуттук шоколадыбыздан даамын татып, белекке берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Өндүрүүчүлөр билдиргендей, Kyrgyzstan шоколады бельгиялык ингредиенттерден жасалат. Бельгия – бул шоколад өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эӊ ири өлкө болуп саналат. Өлкөдө бир жылда 170 миӊ тоннадан ашуун шоколад чыгарылат. Мамлекеттин калкы дээрлик 10 миллионго жакын адамды түзөт. Ошондуктан өндүрүлгөн шоколаддын жана ингредиенттердин көпчүлүгү экспортко жиберилип турат. Белгиялык шоколаддардын курамында өсүмдүк майлары колдонулбайт.

Компания ошондой аталган шоколаддын ден соолукка пайдалуу жактарын, табыгый жана өзгөчө рецептен жасалганын кошумчалады. Жаңы жылда ар бир кыргызстандык улуттук шокаладдан даамын татып, белекке берүү мүмкүнчүлүнө ээ болушмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!