​Жарандык күйөөсүн бычактаган аял кармалды

12-Дек. 2017, Шейшемби, 15:01

Бишкек шаарында 35 жаштагы аял күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-декабрь күнү болжол менен саат 16:50 чамасында Ленин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринде жубайлар урушуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ИИМдин күзөт кызматкерлери келишип, болжол менен 40-45 жаштардагы эркек адамдын сөөгүн табышкан. Андан сырткары, окуя болгон жерге Ленин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келип, тергөө учурунда 35 жаштагы жарандык аялы менен 43 жаштагы жолдошу уруша кеткендиги жана жубайы жолдошун бычак менен сайып салганы маалым болгон.

«Бычактан алган жаракатынан жолдошу окуя болгон жерден каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иш козголуп, соттук-медициналык, биологиялык жана криминалисттик экспертизалар дайындалган»,- деп айтылат ИИМдин маалыматтында.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!