​Көлмөгө түшүп каза тапкандар такталды

12-Дек. 2017, Шейшемби, 17:08

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан каза болгон 4 адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда болжол менен саат 13:35 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында, "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө “Тайота Авенсис” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, унааны суунун ичинен чыгарышкан. Анын ичинен төрт адамдын сөөгү табылган. Алар 75 жаштагы Ш.Т. аттуу Кочкор районунун тургуну, 48 жаштагы Ш.М., 44 жаштагы К.Р. жана 20 жаштагы М.у.К. аттуу Бишкек шаарынын тургундары болушкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!