Станокко кыпчылып калып каза тапты

13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:25

Балыкчыда кыш жасоочу станокко 47 жаштагы жаран кыпчылып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-декабры күнү аталган шаардын Прежевальск көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан кыш (пескоблок) жасоочу жайда, станокко 1970-жылы туулган жаран кыпчылып, натыйжасында каза болгон.

“Окуя болго жерге ӨКМнин №19 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдын сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!