Сапар Исаков баштаган чиновниктер спектаклге барышты

13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:41

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү кечээ, 12-декабрда, Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрындагы Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы боюнча коюлган спектаклге барышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган.

Мындан ары да премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы маданий иш чаралар улантылат. Алдыда Ч.Айтматов атындагы орус драма театрына, А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрына, ошондой эле балдар музыкалык окуу жайларына баруу пландаштырылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!