Саамалык: чиновниктер катышкан маданий иш-чаралар

13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:44

12-декабрда – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө - премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле мамагенттиктердин, кызматтардын жана башка мекемелердин жетекчилери Т.Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрына барып, Айтматовдун повестинин негизинде коюлган“Саманчынын жолу” спектаклин көрүштү. Бул тууралу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Болгондо да мартабалуу чиновниктер билеттерди өз акчасына сатып алышты. Мурда боло келгендей бекер чакыруу билеттери болгон жок.

Мындай саамалык дагы уланмакчы. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эми Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына, А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера балет театрына, балдар музыкалык окуу жайларына барууну пландоодо.

Ал эми жаз айларында гала-концерт өткөрүү мерчемделди, ага Өкмөт мүчөлөрүнөн тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары да чакырылмачы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!