​Сириядагы согушка катышкан жигит кармалды

13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:44

Эл аралык террористтик уюмуна мүчө болуп кирген 21 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 30-ноябрь күнү милиция кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, 21 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургунун кармашкан. Ал 2014-жылы Россия Федерациясы аркылуу Түркияга учуп, Сирия мамлекетине барып, согуштук жаңжалга катышкан. Диверсиондук (жарылма) даярдыктан өтүп, “Джабхат-Ан-Нусра” эл аралык террористтик уюмдун курамына кирген

Азыркы учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу” жана “жалданмачылык” беренелеринин негизинде кылмыш иш козголгон.

Кармалган жаран тергөө абагына киргизилип, учурда башка шериктештеринин өздүгүн тактоо максатында иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!